"The Sun" басылмасынын журналисти 1 күн шиш така бут кийим кийип жүрөм деп кандай азап тартканын айткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ник Хардинг аттуу журналист атайын шиш такасы 5 сантиметрлик жана 7 сантиметрлик бут кийим сатып алган. Эксперимент жасаганды жактырган журналист дүкөнгө барып келип бут кийимин чечкенден кийин башы тегеренгенин айткан. "Шиш таканын бир гана жакшы жагы, өйдөдө турган текчедеги азыктарды кыйналбай алат экенсиң" деген ал. Кийинчерээк Ник шиш таканы кийип балдары менен Лондонго көргөзмөгө барган. Анын айтымында, балдары "айланадагылар шылдыңдашат" деп поездде жанына отурбай коюшкан. Көргөзмөдөн Ник буттары талып, араң кайткан жана бут кийимин чечкенде буту жоруп кеткенин көргөн.
"Шиш така бардык эркектер үчүн боло бербейт. Бирок боюм кыска деп комплекс кармагандар үчүн сонун идея экен. Мен мисалы, жубайым менен кечки тамактанууга шиш така кийип бардым, канча жылдан бери биринчи жолу жубайымдан бийик болуп жүрдүм", - деген Ник.