Кыргыз өлкөсүндө алгачкы ирет тартылган фантастикалык "Жетикс" тасмасы SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө жүктөлдү. Тасманын режиссёру Сүйүн Откеев.
"Жетикс" - мээримге зар балдарды сезимсиз планетадан келгендер тарабынан уурдалышы жана аларды куткаруу тууралуу тасма. Анда дайынсыз жоголгон балдарды жогорку күчкө ээ 5 бала кантип куткарып, сезимсиз планетаны жок кылганы баяндалат.
Тасмадагы башкы каармандардын ролун жараткандар - Санжар Мирбеков, Айвара Алмазова, Байэл Чаткалбай уулу, Максат Агабеков, Арайлым Кеңешбекова, Эмир Адиев, Болот Шамшиев, Бусурманкул Одуракеев, Эркин Эгембердиев, Мээрим Атантаева.
"Жетикс" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.