Санкт-Петербург шаарында мигрант палоо жасоо үчүн көлмөдө сүзүп жүргөн өрдөктү өлтүрүп салган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Пушкин районунун жашоочусу куруучу болуп эмгектенген адам анча чоң эмес көлмөдө сүзүп жүргөн өрдөккө аңчылык кылып жатканын видеого тартып алган. Анын сөздөрүнө ылайык, белгисиз адам өрдөктү таш менен чапкылап өлтүргөн соң, аны көтөрүп алып курулуш жүрүп жаткан жерге кирип кеткен.
Жаран укук коргоо органдарына кайрылган. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери тажик улутундагы мигрантты өрдөктү бышырууга даярданып жаткан жеринен кармашкан. 22 жаштагы Довуджон андан палоо жасаганы жатканын айткан.
Азыркы тапта иш тиешелүү органдар тарабынан териштирилип жатканы айтылат маалыматта.