27-августта Мамлекеттик чек ара эрежелерин бузган жана чек арадан документсиз өтүүгө аракет кылган бир нече учур катталганын Чек ара кызматы билдирди. “Ак жол” өткөрүү бекетинде башка жаранга тиешелүү паспорт менен кыргыз-казак чек арасынан өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды. Ошондой эле "Айдаркен" чек ара отрядынын кызматкерлери өздүгүн тактаган документтери жок Өзбекстандын 3 жаранын кармашкан. Ушул эле күнү Жалал-Абад облусунун Чыңыр-Таш айылында чек ара режимин бузууга аракет кылган паспорту жок кыргызстандык кармалды. Бул кармалган жарандар боюнча документтер толтурулгандан кийин тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.