"Слобода" жана "Re:evolution" компаниялары "Светлана" аттуу үн жардамчы орнотулган май куюучу бөтөлкөлөрдү тартуулашты. Бул тууралуу компаниянын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бөтөлкөгө орнотулган үн кожейкелерге тамак даярдоодо эң чоң жардамчы болот. Ал рецепттерди жана тамакты даярдоодогу азык-түлүктүн өлчөмүн кадам сайын айтып турат. Ошондой эле ал тамактын баалуулугун, андагы пайдалуу заттардын өлчөмүн да айта алат.
Мындан сырткары ал тамак жасап жаткан адамга кулинария тууралуу сүйлөп берип турат. "Светлана" үн жардамчысы "акылдуу" бөтөлкөнүн капкагында орнотулган.
Аталган бөтөлкөлөр сатыкка 2020-жылдын жай айларында чыгат. Баасы тууралуу эч кандай маалымат жок.