Улуу Британиянын жараны Роберт Уэйтон 29-мартта 112 жашка чыкты, муну менен ал дүйнө жүзүндөгү эң улгайган киши деп табылды. Бул тууралуу "Гиннесстин рекорддор китебинин" расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, китептин өкүлдөрү Уэйтон менен пандемия учурундагы коопсуздук эрежелерин сактап жолуга алган эмес. Мындан улам күбөлүктү ага карылар үйүнүн кызматкерлери тапшырган.
"Мындай маанилүү иш-чарага биздин өкүлдүн бара албай калгандыгы өкүнүчтүү, бирок бардык нерсе Роберт Уэйтондун ден соолугу үчүн көрүлгөн камкордук", - деп жазылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин дүйнөдө эң узак жашаган киши болуп Япониянын тургуну Титэцу Ватанабэ эсептелчү. Бирок ал 2020-жылдын февраль айында көз жумган.