Сентябрь айында АКШдагы үй-бүлөлөр багып алган кыргызстандык балдар менен телекөпүрө уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Маалыматка ылайык, 2004-2008-жылдар аралыгында америкалыктар Кыргызстандан 176 баланы, 2012-жылы 9 баланы багып алышкан.