Түштүк Африкада маркум саясатчыны унаасы менен кошо көмүштү

Түштүк Африканын Стрекспрут шаарында маркум адамды унаасы менен кошо көмүштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 72 жаштагы Чекеде Пицо 6 баланын атасы жана "Бириккен демократиялык кыймыл" партиясынын мүчөсү болгон. Маркум унаасына радио угуу үчүн бара жатып каза болгон.

"Кайсы бир мезгилде менин атам аябай бай болгон. Анын сүйүктүү Mercedes үлгүсүндөгү бир нече унаасы бар болчу. Бирок акыркы жылдары ал кыйынчылыктарды көп көрдү. Мындан улам ал унааларын сатканга мажбур болгон", - деп билдирген маркумдун 49 жаштагы кызы.

Мындан 2 жыл мурун Пицо 1990-жылы жарык көргөн Mercedes Benz E500 үлгүсүндөгү унаа алган.

"Атам унаасын аябай жакшы көрчү. Ал бузулуп калса деле ичине отуруп, радио уккандан ырахат алчу. Ал дайыма "Мени унаа менен кошо көмгүлө" деп айтчу", - деп түшүндүргөн кызы.

Жай казгандар тереңдиги 2 метрдей болгон бейит казышкан. Алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү буга уруксат бергенин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2020-04-03 10:13:29
Эми олгондон кийин жанына музыкальный центрди кошо комсон деле пайдасыз да. Андан коро атасынын колунда жок бир досуна берип койсо болмок.
+7
uli0404
2020-04-03 18:06:36
Уурулар казып алып кетип калса керек эии
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан