Жалал-Абаддагы Чаткал районунун тургуну 2 адамды мылтык менен атып салды. Жаракат алгандар учурда ооруканада жатат. ИИМдин билдиришинче, окуя 27-августта болуп, 30 жана 18 жаштагы эки жаран оор абалда ооруканага жеткирилиптир. 36 жаштагы жаран коңшусу менен уруша кетип, аны атып салат. Жакын жерде турган 18 жаштагы жигитке да ок тийди. Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган адамдын үстүнөн тергөө жүрүп жатат.