Италияда дарыгер кызды жигити "мага коронавирус жуктурат" деп коркуп, өлтүрүп койду

Италиянын административдик облусу болгон Сицилиянын Мессина шаарында 28 жаштагы Антонио Де Паче аттуу жашоочу сүйлөшкөн кызын муунтуп өлтүрдү. Окуя тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда. Ага ылайык, Антонио Де Паче өзү да медицина кызматкери.

Сүйлөшкөн кызы Лорена Каранта 27 жашта болгон, ал дарыгер, абалга байланыштуу коронавирус менен күрөшүп иштеп жаткан. Жигити экөө бир ооруканада чогуу иштешкен.

"Антонио Де Паче өзү полицияга чалып чакырып, кылмышы тууралуу айткан. Полиция окуя болгон жерден муунтулуп өлтүрүлгөн кыздын денесин жана жабыркап жаткан жигитти көрүшкөн. Антонио Де Паче кызды өлтүргөндөн кийин өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Аны шашылыш түрдө ооруканага жеткиришип, эсине келген. Андан кийин CoViD-19 инфекциясынан коркуп ушул ишке барганын айтып берген", - деп жазылат маалыматта. Ал сүйлөшкөн кызынан бул оору ага жугуп калышы мүмкүн деп чочулаган.

Лорена Каранта квалификациялуу дарыгер, жигити медмырза болуп иштешкен. Экөө тең коронавируска карата тест тапшырып, экөөнөн тең илдет табылган эмес. Экөө тең социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары, өзгөчө Лорена Каранта жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле жасай турганын, Италиядагы абал, медицина кызматкерлеринин бул учурдагы кызматы тууралуу ойлорун жазып турган.

Пандемияга байланыштуу дүйнөнүн көп бөлүгүндө адамдар дүрбөлөңгө түшүп жатышат. Өзгөчө көп күч медицина кызматкерлерине жүктөлдү деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rafo80
2020-04-03 13:54:19
Тооба кылдым, андан көрө жолукпай эле койсо болот эле го.
+6
bond02
2020-04-03 17:33:50
оорунун алдын алыптыр да жигити.
-2
Alia82
2020-04-03 18:39:13
Отоле катуу коркуп атып нервден кетип калган го жигити
+3
aslan_akjol89
2020-04-04 01:36:57
Ушундайлар доктурда иштегенине тан каласын да просточу.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан