Укук коргоо кызматкерлеринин автобуста тыгылып бараткан сүрөтү боюнча ИИМ билдирүү жасады

Интернетке милиция кызматкерлерининин автобуста тыгылып бара жаткан сүрөттөрү тарады. Анда укук коргоо кызматкерлери медициналык бет кап тагынышып, айрымдары кол кап кийип турганын көрүүгө болот. Сүрөт дароо эле талкууга алынып, кызматкерлерди жумушка ушундай абалда алып баруу нормалдуу эле көрүнүшпү дегендер болду.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан талкуу жараткан сүрөттөр боюнча билдирүү жасады.

"Өзгөчө абал учурунда бардыгы үйдө отура албайт. Укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана айрым уюмдардын кызматкерлери абалдын оор экенине карабай иштеп жатышат. Өзгөчө абал учурунда коронавирус илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу бардык соода-түйүн комплекстери, билим берүү мекемелери жабылып, маданий-массалык, спорттук жана башка иш-чаралар токтотулган.

Ички иштер органдары жана башка күч түзүмдөрүнө коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоо жүктөлгөн. Коомдук транспорттор токтотулуп, жеке транспорт менен жүрүүгө дагы уруксат берилген эмес. Мындай эреже милиция кызматкерлерине дагы тиешелүү. Көчөлөрдөгү кайгуул кызматына тартылган кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо максатында алар жашаган жери боюнча милициянын бөлүмү менен бөлүмчөсүнө бөлүнүп, тиешелүү аймакта кызматтарын өтөп жатышат. Андан сырткары санитардык-карантиндик эпидемиологиялык посттордо, блокпосттордо турган кызматкерлер жеке коргоонуучу атайын кийимдер менен камсыздалган. Кызматкерлер кызматтык автоунаалар менен алып келинип, кайра үйлөрүнө жеткирилип жатат. Ал эми алыс жашагандар автобустар менен ташылат. Автобустардын ичи атайын каражаттар менен тазаланып турат. Ошондой эле кызматкерлер зарыл болгон жеке гигиеналык каражаттар менен камсыздалгандыгын билдиребиз", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zhykyo
2020-04-04 18:13:22
Колдон келгенин иштеп жатышат молотцы.Милициянын кучу менен эле уйдо жатат болушубуз керек
+13
Assalomuallekum
2020-04-04 18:24:48
Автобус ташыган жок менин сасетим жоо кетип жатат ишине коп эле км
+5
Chungyz
2020-04-04 18:29:49
Жексурлар сразу жооп кайтарганды билесинер условия тузгуло картошка жуктогону кетип жатышкан жокко булар
+7
Gulya78
2020-04-04 18:34:16
Chungyz,жөө жүргөндөн көрө жакшыда анан эмне ар бирине бирден автобус берсинби
-2
Omar.
2020-04-04 19:09:49
Милициялар күндөп түндөп көчөдө карантин эрежелерин сакта деп какшанып жүрүшөт, үй-бүлөөсү көздөн учуп, курсактары ач, супермаркетке барсаң колго тийгенин алып эптеп курсак тойгозуп жүрүшкөнүн көрөсүң. Ушуларга баш бербей, көчөдө жүргөн адамдарга дабаа жок.
+11
bond02
2020-04-05 00:17:26
Бир велосипедди эки милиционер тээп алган видео чыкты го.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан