Нурсултан Назарбаевдин ден соолугунун начарлашы боюнча маалыматты анын басма сөз катчысы четке какты

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин ден соолугунун начарлашы боюнча маалыматты анын басма сөз катчысы Айдос Укибай четке какты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

"Биз эч качан жалган маалыматтар боюнча комментарий берген эмеспиз. Бирок акыркы кездерде кээ бир адамдар өлкөдөгү кырдаалды курчутууга аракет кылып жатышат. Назарбаевдин ден соолугу боюнча туура эмес маалыматтарды таратышууда. Бул чагымчылдык жана калп маалымат", - дейт басма сөз катчы.

Ошону менен катар эле басма сөз катчы кечээ, 3-апрелде Назарбаев аймактардын башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан