Дүйнө жүзү боюнча пандемия учурунда чарчаганды билбестен иштеп бейтаптардын өмүрүн сактап калып жаткан дарыгерлерге элдер өз ыраазычылыктарын билдирүүдө.
Социалдык тармактарда адамдар дарыгерлерге арнап видео роликтерди тартып, сүрөттөрдү тартып, өз рахматын айтышууда. Ар бир билдирүүнүн алдына #Рахматсагадарыгер хештегин ар бир өлкөдө өз эне тилинде жазып калтырышкан.
Мисалы, Париждеги Эйфель мунарасында "үйдө бол!" жана "рахмат!" жазуулары кезектешип чыгууда. Ал эми Грузиянын Батуми шаарында көп кабаттуу имараттын жарыктарын жүрөк формасында кылып жагышып дарыгерлерге таазим этишкен.