5-апрелге карата дагы 3 жарандан коронавирус аныкталды, 5 кишинин абалы оор (хронология, видео)

Бүгүн, 5-апрелге карата коронавирус боюнча өлкөдөгү абалды саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов айтып берүүдө. Маалымат берүү Өкмөт үйүндө онлайн форматта өтүп жатат.

2020-04-05 10:11:00

"Массалык маалымат каражаттарда терс маалыматтарды берип жаткандар бар, мындай сөздөрдү айтаарда ойлонуп көргүлө. Кээ бирлер мен ооруган жокмун, дарылаган жок деп жатышат. Анда бизге эмне кызыкчылыгы бар аны дарылоого? Анын өзүнө белгилери билинбеши мүмкүн, бирок ал ооруну алып жүрүүчү катары башкаларга жуктурат деген коркунуч бар да", - деди министр.

2020-04-05 10:08:00

Министр тургундарды коронавирус боюнча калп маалыматтарды таратпоого чакырды. Мындан тышкары бул кырдаалда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекеме өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

2020-04-05 10:06:00

Бүгүн Кытай өкмөтүнөн медициналык керектүү каражаттар жардам иретинде келе турганын министр айтып өттү. 6-апрелде Түркиянын өкмөтүнөн да экспрес-тесттердин 350 топтому келет.

2020-04-05 10:05:00

147 адам 5 миңден ашык адам менен байланышта болгон.

2020-04-05 10:03:00

Обсервацияда жалпы 1400 киши жатат. Ооруканада жаткандардын саны 146, 8 киши оорудан айыгып чыкты. Жандандыруу бөлүмүндөгү 5 кишинин абалы оор, экөө жасалма дем алдыруу аппаратында жатат. Ал эми 3 адам кислород менен дем алууда.

2020-04-05 10:02:00

Ооругандардын жалпы саны 147. Дагы 3 адам коронавирусту жуктургандыгы аныкталды. Алардын баары Бишкек шаарында. Абал оор болуп турганын айтты министр.

Бишкек – 20
Ош облусунда – 47
Баткен облусунда – 3
Жалал-Абад облусунда – 67
Чүй обсусунда – 4
Ысык-Көл обслусунда – 2
Нарын обслусунда – 4

2020-04-05 10:00:00

Маалымат жыйын башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан