Америкалык мушкер Флойд Мейвезердин кызы Лианна сүйлөшкөн жигитинин үйүндө жүргөн айымга бычак менен кол салып, 4-апрель күнү кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мушкердин 19 жаштагы кызы сүйлөшкөн жигити NBA Youngboy`дун үйүнө барып, бейтааныш кыз жүргөнүн көрөт. Ал өзүн рэп ырчынын сүйүктүүсү катары тааныштырып, бейтааныш айымды үйдөн чыгып кетүүсүн талап кылган. Кыздардын ортосунда түшүнбөстүк жаралып, Лианна бейтааныш айымга эки ирет бычак сайып жиберген. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келип, кызды алып кетишкен.