Футбол боюнча Аргентина улуттук курамасынын жана италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу Пауло Дибала менен анын сүйлөшкөн кызы Ориана Сабатини коронавирус менен кайра ооруп калышты. Бул тууралуу Сабатини италиялык басылмаларга билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазууда.
"Биз өзүбүздү жакшы сезип калгандыктан, коронавирустан айыктык деп ойлогонбуз. Анын үстүнө ооруну текшерген тест тапшырганда вирус жок болуп чыккан. Үчүнчү жолку тапшырган тестте кайрадан коронавирус аныкталды. Эмне үчүн мындай болуп жатканын түшүнбөй жатабыз. Эми дагы эки апта изолияцияда болобуз", - деп билдирген Сабатини.
Буга чейин футболчу өзүн жакшы сезип калганын, акырындан машыгууларды баштап жатканын билдирген.