Токон Мамытов: "Казакстандын укук коргоо органдары чек арадан мыйзамсыз өткөн ысык-көлдүктөргө карата кылмыш ишин козгогон"

Бүгүн, 28-августта вице-премьер-министр Токон Мамытов 11- июлда Казакстандын Чек ара кызматы тарабынан кармалган кыргызстандыктардын туугандарын кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Токон Мамытов Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан чек арадан мыйзамсыз өткөн жарандарга карата кылмыш иши козголгонун билдирди. “Учурда тергөө иши жүрүп жатыптыр, сентябрда чечим кабыл алуу үчүн кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилмекчи. Өкмөт кармалган адамдарды Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча туруктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Казак тарап соттун чечими чыкканча өткөрүп берүүгө мүмкүн эмес экендигин билдирүүдө. Биз казак тараптан кармалган кыргызстандыктар сот тарабынан кабыл алынган жаза өтөө мөөнөтүн биздин өлкөдө өтөөсүн карап көрүүнү сурануудабыз”, - деди вице-премьер-министр. Ошондой эле Мамытов кармалган жарандар менен Кыргызстандын Алматыдагы консулу да жолукканын кошумчалады. “Алардын жашоо шарты жана жалпы абалы канааттандырарлык. Азыр биздин дипломаттардын алдына кармалган адамдардын туугандары менен жолугуусун камсыз кылуу тапшырмасы коюлду”, - деди ал. Эске сала кетсек, казактар 9 малчынын экөөсүн кайтарып берип, 11-июлдан бери 7 малчы камакта жатышат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан