Бишкек шаарындагы Ахунбаев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Раут” кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү 3 автоунаа барып, күйгөн жердин аянты 150 чарчы метрди экени белгилүү болду. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.