Орусиянын Костромская облусунун 20 жаштагы жашоочусу үрөй учурган кылмышка шектелип кармалды. Жергиликтүү маалымат булактардын жазганына ылайык, полиция аны жаңы төрөлгөн ымыркайды өлтүрүп, жансыз денесин таштандыга ыргытып жиберген деп кармаган.
Тергөө-иликтөө иштеринин алкагында, экспертиза жүргүзүлүп кылмышка шектүү өзү ымыркайдын энеси экендиги аныкталган. Баланын жансыз денеси таштандыдан 1-апрель күнү табылган. Адистер ДНК-экспертиза жүргүзүшүп, баланын атасынын аты-жөнүн соттолгон адамдардын маалыматы сакталган базадан табышкан. Тергөөчүлөр аны суракка алганда, ал техникумдардын биринде окуган 20 жаштагы студент кыз менен сексуалдык катнашта болгонун моюнуна алган.
"Кызды полиция кармаганда ал бардык күнөөсүн моюнуна алды. Ал баланын атасы таштап кеткендигине байланыштуу ымыркайды жок кылууну көздөгөнүн айтып берген. Бул боюнча "бала өлтүрүү" беренеси менен иш козголду", - деп жазылат маалыматта.