Бүгүн, 6-апрелде Казакстанда полиция бул кылмышка шектүү деп 22 жаштагы келинди кармады. Казак басылмаларында жазылгандай, ал Караганда шаарынан кармалган.
Мындан 3 күн мурун таштандыдан 1 айлык кыз табылган. Аны жакын жашаган жашоочулар байкап калып, тартип сакчыларына жана "Тез жардамга" кабар беришкен. Дарыгерлер ымыркайдын өмүрүнө коркунуч келбегенин, эч кандай жаракаттары жок экенин аныкташкан. Бул боюнча кылмыш иши ачылып, "Адам өмүрүнө кол салуу" беренеси менен иш козголгон. Ошондон тартып кылмышкерди табуу иштери кызуу жүргөн.
"Кармалган аял дагы 1 ай мурун төрөгөн. Андан тергөөчүлөр балаң кайда деп сурашканда жооп бере алган эмес. Тергөө учурда аны бул ишке шектүү катары карап жатат. Полиция эне эмне себептен мындай кадамга барганын аныктоо аракетин көрүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, учурда ымыркай облустук перинаталдык борбордо. Дарыгерлер абалы туруктуу экенин, керектүү бардык жардамдар берилип жатканын билдиришкен.