17 жаштагы москвалык Кристина Парашина Кыргызстанга биротоло көчүп келип жашоо үчүн 2 жыл мурун ислам динин кабыл алыптыр. 4 жылдан бери кыргыз тилин үйрөнүүдө. Муну орус кыз өзү орусиялык ММКларга билдирген. “4 жыл мурун Кыргызстанды жактырып калып, анын тарыхын, тилин, турмуш-тирличилик жөрөлгөлөрүн үйрөнүп баштадым. Кыргыздардын өздөрүн алып жүргөнү, айымдарга жасаган мамилелери жагат”,- дейт ал. Кыргызстанга арбалган Кристина ислам динин кабыл алыптыр. “2 жыл мурун ата-энеме билгизбей мечитке барып, ислам динин кабыл алгам. Өзүмө Айсулуу деген ат коюп алдым”,- дейт Кристина. Кристина кийинки жылы мектепти аяктап, Кыргызстандагы ЖОЖдордун бирине тапшырууну чечти. “Мен Кыргызстанда калгым келет. Мага оор болорун билем, бирок ага даярмын”,- деп кошумчалады.