Кой-Таш окуясында жабыркаган милициянын полковниги, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин билдирүүсүнө таянып маалымат булактары жазды.
Ага ылайык, Курманкулов бүгүн Москва-Екатеринбург-Бишкек аба каттамы менен келген.
"Учурда Ички иштер министрлигинин госпиталына жайгаштырылды. Биз ага медициналык текшерүү жүргүзөбүз, ошондон кийин андан аркы дарылоо кандай жүргүзүлөт белгилүү болот", - деген ал.
Маалыматта Курманкуловдон коронавирусту текшерген тест алынгандыгы белгиленет.
Самат Курманкулов өткөн жылдын 7-августунда Кой-Таштагы атайын операция учурунда оор жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Абалы жакшырбагандыктан, 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москва шаарындагы ооруканага алып кетишкен.