
Москва шаарынын тургуну жумуртка бышырам деп жатып бетин күйгүзүп алды. Орус басылмалары жазгандай, үй кожойкеси убактысын үнөмдөө үчүн жумуртканы микротолкундуу мешке салып бышырууну чечкен.
Натыйжада жабырлануучу биринчи, экинчи жана үчүнчү даражадагы дененин күйүгүн алган.
"Ал идишке суу куюп, ага жумуртканы салып микротолкундуу мешке койгон. Алар бышкан соң кашык менен алууга аракет кылган. Ошол маалда жумурткалар жарылып кеткен. Микротолкундуу мештин ичиндеги кайнак суу менен андагы жумуртканын сыртынын сыныктары аялга чачырап, бетин, колун жана моюн жагын күйгүзгөн. Үй кожойкеси көзүн жапканга гана үлгүргөн" - деп жазышат маалымат булактары.
Жабырлануучу аял ооруканага жаткырылып, анын денесинин 6 пайызы күйүк алганы аныкталган.