"Мега-Лайн" компаниясы 65 жаштагы жана андан жогорку курактагы абоненттерин интернет, телевидение менен акысыз камсыздады

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстан өзгөчө абал режимин киргизгендигине байланыштуу байланыш операторлорунан биринчи болуп "Мега-Лайн" компаниясы 65 жаштагы жана андан жогорку курактагы абоненттерин акысыз интернет, телевидение менен камсыздады. Бул тууралуу аталган компаниядан маалымдашты.

Анда айтылгандай, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дал ушул курактагы адамдар коронавирус инфекциясына карата аярлуу катмар экенин билдирген болчу. Мындан улам "Мега-Лайн" ушундай чечимди кабыл алды.

Азыркы учурда жарандарга үйдө болуу эң маанилүү болуп турат!

"Мега-Лайн" компаниясы бардык атуулдарга ден соолук каалап, карантиндин тартиптерин жоопкерчилик менен сактоого чакырды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан