УКМК "Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

УКМК "Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. 28-августта телеканалдардан аталган ишканадан акча талап кылган адамдардын аракети тууралуу видеосюжет берилди. Видео жашыруун түрдө тартылыптыр. КТРКдан берилген сюжетте  "Кумтөрдүн" өкүлү Дуглас Гриерден 3 миллион доллар талап кылган эки адам май айында Жети-Өгүздөгү баш алмандыктардын лидерлери болгон Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаев экендиги айтылды. Алар акча талап кылуу менен бирге сентябрда кайрадан элди көтөрүп чыгыша турганын, бул боюнча алар менен экс-депутаттар Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров байланышканын, каржылык жактан алар колдоого алууну убада кылып жатышканы айтылган.  

Кумтөрдөн 3 000 000 доллар талап кылышканбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidai2010
2013-08-29 09:54:33
Мактаган кыздары тойдо оосуруштубу. Эми кезек ОБОн катындарда, куто туралык, патриоттордун шоусу башталат)))
0
Farizat
2013-08-29 11:05:28
Эй ишенген оппозийия ушундай жолго тушуп алган экен,эми кудай аларды кечирсин.Кантип элди алдап,оз кызыкчылыгы катары курал кылып колдонуп жатып,эмне жондо ойлонуп жатышты экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан