"Үйгө уруксатсыз кирип арак, шарап ичкен". Казакстанда ууру уктап калып кармалды

Казакстандын Алматы облусунун тургуну кошунасынын үйүнө уруксатсыз киргени үчүн эки жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу казак басылмалары жазышат.

Ага ылайык, 45 жаштагы кылмышка шектүү адам айылдашынын үйү ачык турганын көрүп, ал жакка ээн-эркин кирип, столдун үстүндө турган аракты ичип алган.

"Чакырылбаган конок үйгө киргенде, анын ээси короо жакта жүргөн. Ошондуктан аны байкаган эмес. Ал эми анын "коногу" столдун үстүндөгү арак, шараптан ичип, столдогу шоколадды жеген. Спирт ичимдиктерин ичкенден кийин ал адам уктап калган. Ойгонгондо аны полиция кызматкерлери курчап турган. Кармалган адам мас абалында болгондуктан, полиция кызматкерлеринин суроолоруна жооп бере алган эмес. Эми ага "жеке турак жайдын кол тийбестигине кол салуу" жана "мыйзамсыз тинтүү" беренелери боюнча айып тагылып, ири суммадагы айып салынышы же 2 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилиши мүмкүн" , - деп жазышкан жергиликтүү маалымат булактары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
akmanai
2020-04-07 20:53:22
Менимче кошунасын жакынсынып эле ичип койсо керек арагын, арыз жазып салаарын билбей эле. Баарыбир уруксатсыз киргени туура эмес болуптур
0
rususu
2020-04-07 22:08:21
Кошунасы экоо мурунку куну чогу ичишсе керек да,анан эртеси башы ооруп кошунасына келип жолугалбай уйуно кирген,анан анан болуптур да,Кыргызда макал бар го,алыскы туугандан жакынкы кошуна деп.
+2
Azat.1996
2020-04-07 23:15:07
Эми ушуну жөн эле койсо болмок да, жарым бөтөлкө арак, 50 сомдук шоколад үчүн милицияга тапшырып. "Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" дегендей, убагы келип, балким анын да жардамы тиймек. Жөн гана эскертүү берип коюшу керек эле. А эгер 2-жолу дагы кире турган болсо, ошондо арыз жазса жарашмак экен.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан