Израилде асмандан түшкөн жарганаттарды жергиликтүү тургундар таап, социалдык тармакка сүрөттөрүн жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, интернет колдонуучусу Рамат-Ган шаарында жайгашкан Ган Леуми сейил багында асмандан түшкөн жансыз жарганаттарды таап алган. Ал сүрөттөрду жарыялап, алар эмнеден улам мындай абалга келишкенин сураган.
Ал эми колдонуучулардын көпчүлүгү бул аба ырайынын кескин муздашынан же жакынкы арада эле орнотулагн 5G технологиясынан болушу мүмкүн экендигин жазышкан.
Бир аз мурда ушундай эле учур Индияда катталган. Жергиликтүү тургундар 25 өлгөн жарганатты таап, тиешелүү органдарга өткөзүп беришкен. Өлгөн жарганаттардан алган анализдер атайын экспертизага жиберилген.