Баары хайп үчүн! Орусияда кыздар чоочун адамдын дачасын өрттөп салышкан

Орусиянын Красноярск өрөөнүндөгү Канск шаарында эки кыз чоочун адамдын шаар четиндеги үйүнө кирип, Инстаграмда хайп жаратуу үчүн өрттөп салышкан. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алар чоочун үйгө кирип, пардаларын жулуп, жерге таштап, өрттөп, айтор, үйдү үч көтөрүп чачышкан. Бул жоруктарынын баарын видеого тартып, Инстаграм баракчасына чыгарышкан. Полиция кызматкерлеринин билдиришинче, кыздардын бири өспүрүм, экинчиси 20 жашта болгон. Алар Инстаграмда популярдуу болуу үчүн ушул жорукка барган жана туура эмес кылганын кийин түшүнүп, өкүнүшкөн. Учурда алардын дагы башка окшош окуяга тийиштиги бар-жогу иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiba.8327
2020-04-07 22:03:58
Мм де токтоло элек кездери да....
+1
Gulya78
2020-04-07 23:09:03
Атың чыкпаса жер өрттө
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан