Катуу шамал Казакстандын Көкшетау шаарында бүгүн, 7-апрелде болгон. Жергиликтүү маалымат булактарынын Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетине таянып жазган маалыматына ылайык, кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен. Өз кезинде ӨККнын кызматкерлери жарандарды этият болууга чакырган. Жарнамалык щиттерге жакын барбоо, үйлөрдүн дубалына жакын турбоого, электр зымдарына жакындабоону эскертүүдө. Шамал учуруп кеткен чатырдын жалпы аянты 700 чарчы метрди түзөт, тиешелүү кызматтар курулуш иштери текшериле турганын билдиришкен.
Ал эми Информбюро.кз сайты Акмола обулусунда катуу шамалдан имараттын чатыры учуп, ал бир адамдын өмүрүн алганын жазды. Ага ылайык, Бурабай районундагы Урумкай айылында да имараттын чатырын шамал учуруп, ал 40 жаштагы адамдын үстүнө түшкөн. Жаракат алган адам каза болуп калганын аталган басылма Өзгөчө кырдаалдар комитетинин билдирүүсүнө таянып жазды.
Көшетау акимиаты шаардагы төрт үйдүн, 2 административдик борбордун имаратынын чатырын шамал учуруп кеткенин билдирген.