Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч Коргон айыл өкмөтүнүн Олагыш айылында кытайлар эски шахтаны иштеткени келишкенин айтып, жергиликтүү тургун "Элдик кабар" бөлүмүнө кайрылды.
Айтымында, кытайлар кенди иштеткени келишкен жана эл бул тууралуу кабардар болгон эмес.
"Олагыш айылына кытайлар эски шахтаны иштеткени келишиптир. Башында 5 кытай дешкен, азыр 9 кытай жүрөт. Алар дагы канчага көбөйөт белгисиз. Айыл өкмөт менен айыл башчы элдин үнүн укпай жатат. Жергиликтүү эл ал жерде кытайлардын иштегенине жана шахтаны иштетем дегендерине караманча каршы. Патриот азаматтар, Олагыш элине жардамыңыздарды бериңиздер. Айыл өкмөт эл менен сүйлөшкөн эмес. Элге бир ооз айтып, түшүндүрбөстөн ушул курулушту башташыптыр. Бул жерде 3-4 адамдын эле кызыкчылыгы болуп жатат деп ойлойбуз", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.