Москвада карылар үйүндө өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен 4 жаран каза болду. Орусиялык басылмалардын маалыматына ылайык, өрт 8-апрелде чыккан.
Алгач карылар үйүндө коюу түтүн чыгып баштаган. Жерине өрт өчүрүүчүлөр барышып, андагы 50 адамды алып чыгышкан. Бирок тиешелүү жардамга карабай 4 жаран каза болду деп айтылат маалыматта.
Өрттүн келип чыгуусунун так себеби аныктала элек, алдын ала маалыматтар боюнча, күйүүчү май менен иштеген жылыткычка коюлган пахта болушу мүмкүн.