Ууру баштыгын тартып алып, азык-түлүгүн уурдап кеткен Казань шаарындагы пенсионер көз жумду. Бул тууралуу анын небереси билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазып жатышат.
Маркум кемпирдин небересинин айтымында, 80 жаштагы чоң энеси 7-апрелде түштөн кийин көз жумган. Ал кол салуудан кийин эсин жоготуп, эсине келбей каза болгон. Бул окуяны маалымат булактары эң кайгылуу, сыздаткан окуя деп жазып жатышат.
Буга чейин 4-апрелде Казань шаарынын Файзи көчөсүндөгү үйдүн короосунда белгисиз бирөө жергиликтүү тургунга кол салып, анын капчыгын жана баштыгын азык-түлүк алып келе жаткан жеринен тартып алган. Кылмышкер көп өтпөй милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ал мурун дагы уурулук кылып жүргөн 32 жаштагы киши экени аныкталган.