Орусиялык басылмалар төрөп, баласын үйдүн биринчи кабатынын терезесинен ыргытып жиберген кыздын видеосун жарыялады. Видеодо фельдшерлер "Тез жардам" унаасына адамды салып жатканы тартылган.
Анда жазылган маалыматка ылайык, Москва шаарында 16 жаштагы кыз үйдө өзү төрөгөн. Учурда дарыгерлер ымыркайды аман алып калуунун аракетин көрүшүүдө. Өспүрүм энеге "эненин ымыркайдын өмүрүнө кол салуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Буга чейин Орусиянын Костромская облусунда 20 жаштагы эне бала төрөп, өлтүрүп, баланын жансыз денесин таштандыга ыргыткандыгы жазылган. Казакстандын Караганда шаарында болсо 1 айлык кызды тирүүлөй таштандыга ыргытып салганга шектелип энеси кармалган.