Чокусу көктү тиреген, ак мөңгүлүү тоолорго куп жарашкан ак элечек айымдардын ажайып кооз сүрөттөрү

Сүрөтчү Крис Ренье кыргыз улуттук кийимдерин сүрөткө тарткан. Сүрөттөрдү ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына чыгарган.

Ал өз сөзүндө, 20 жылдан ашык убакыттан бери ар улуттун кийимдерин сүрөткө тартып жүргөнүн айтып, Кыргыз өлкөсүнө алгачкы жолу келип жатканын билдирген.

"Мен бул сүрөттөрдү бүт дүйнө жүзүнө көргөзөм. Муну менен мен дүйнөдө өз маданиятын сактап калган улут бар экенин билдирем", - деп жазган ал.

Сүрөткө улуттук баш кийимчен, көйнөк жана чапан кийген айымдар тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
PROS
2020-04-10 05:25:33
Чоң-Алайда тартылган сүрөттөр экен.
+3
Aikaaaa
2020-04-10 05:42:31
Памирлик кыргыздар да жүрүшөт. Кыргыздын элечек, чыптамасын кийип туруп, өзбектердин атлас көйнөгүн кийип алышыптыр, кош этек көйнөк жок (((
+1
erlan2196
2020-04-10 08:32:24
Кыргыздардын салтуу кийимдери ушундай болгон. Бирок эч кандай арабтардын паранджасына, хидабына оронушкан эмес. Бирок озгочо жаш кыздардын хиджаб, паранджага оронуп, чумконуп жургондорун жактыра бербейп. Жаш болгондон кийин жакшынакай, сулуу корунуп, кийинип жургон жакшы.
+1
TalaCSKA
2020-04-10 09:55:14
erlan2196, мисалы мага хиджаб кийген кыздар сулуу корунот.негизи эле дене мучолорун жаап узуун кийинсе айымдарга жарашат.
0
murat17
2020-04-10 12:40:00
TalaCSKA,эн туура
-1
murat17
2020-04-10 12:40:00
erlan2196,анда аялына кыргыздын койногун кийгиз азыркы кыздарын трусасы корунуп журот го андан коро хиджап жакшы эмеспи
0
rysik79
2020-04-10 08:43:07
Ак элечектин Алай менен Чон-Алайдагы фотосессиясы.
+2
yomaHA
2020-04-10 15:13:44
Хиджап деген атайын эле бир кийимге коюлган ат эмес ал жамынуу,оронуу дегенди тушундурот.Жогорудагы суротторду карагыла кыргыздар хиджап кийген эмес арабтыкы дейсинер кийип эле жургон Курманжан эне баш болуп.Хиджап мына ушул кийимдер кенен,уяттуу жерлерин корунбойт,жаман коздон сактап,эркектердин напсисин бузбайт.
+1
yomaHA
2020-04-10 15:17:45
Мойну ачык эмес ак элечектер хиджабдын талабына жооп берет.Арабдыкын кийе албасанар,кийгендерге асылбай анча эле патриот болсонор кыргыздын элечегин кийип жургулочу.Буга да толтура шылтоо табасынар да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан