Армениянын бюджеттик кирешеси 2018-жылдан бери 1 миллиард долларга өстү. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, ал бул революцияга чейин берген убадасы экенин айтты.
2018-жылдын апрель айынан тарта Арменияда массалык толкундоолор башталган. Толкуган элдин талабы 10 жыл президент болгон Серж Саргсянды жана анын "Республика" партиясын бийликтен кетирүү эле. 2-президенттик мөөнөтү аяктаган Саргсян премьерликке шайланып, бир нече күндөн кийин отставкага кеткен. Ошол жылы 1-майда парламентте премьер-министрликке шайлоо өтүп, оппозициядан талапкер болгон Пашинян жетиштүү добуш жыйнай алган эмес. Экинчи аракетте гана ал өкмөт башчы катары шайланган.