Бакай Банк чет өлкөдөн Кыргызстандагы туугандарыңыздын картасына акчаны онлайн-которуунун жолун айтып берди

"Бакай Банк" карантин учурундагы пайдалуу кызматтар тууралуу айтып берди. Ага ылайык, Contact акча которуу системи картадан карта акча которууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ошол эле учурда алыскы чет өлкөлөрдөн Visa, Мир жана Элкартка Кыргызстанга акча которууга шарт түзөт.

Сөз болуп жаткан акча которуу ыкмасы чет элдик VISA/MasterCard/МИР карталарынан Кыргызстандагы карталарга акча которууга ылайыкталган. Эгер сизде банктык карта жок болсо, "Бакай Банк" аны сиз үчүн жасап берет.

Маселен сизге Кыргызстандагы туугандарыңыздын картасына акча которуу керек болуп калды. Муну кантип ишке ашырса болот?

1. https://online.contact-sys.com бул сайтка кирип, "Картага жөнөтүү" деген опцияны тандаңыз. Андан кийин алуучунун картасынын номерин териңиз. Бул Кыргызстандагы банктардан берилген Элкарт, Мир же Visa карталары болушу керек.


2. Которо турган акчанын суммасын доллар, рубль же евро деп көрсөтүңүз.

3. Акча жөнөтүүчүнүн аты, фамилиясы, атасынын аты, паспортунун сериясы жана номери жазылат.

4. Акча которуучунун картасынын номерин, иштөө мөөнөтүн жана картанын CVC2/CVV2 коддорун жазыңыз. Акча которуучунун картасы VISA/MasterCard/МИР болушу керек которулган каражатты каттоо үчүн 3D Secure технологиясын колдоо керек. Сизге телефонуңузга которууну тастыктаган сыр-код СМС болуп келет, аны жазасыз. Акча которуунун алдында систем сизге андан алынуучу комиссиялык төлөмдү жана которулуп жаткан акчанын суммасын көрсөтөт.

5. Ошентип сиздин акча которууңуз ишке ашат!

"Бакай Банктын" карталары менен бул шилтемеден таанышса болот. Төлөм карталарынын акча которуудан баша да көп иштерге пайдаланууга мүмкүн.

* Bakai24 тиркемесине акысыз кире аласыз. Ал жактан коммуналдык төлөмдөрдү, которууларды, картанын балансын текшерүүнү, мобилдик байланышка төлөмдү, Элсом, MegaPay, O!Деньги мобилдик капчыктарын төлөөнүү жүргүзсө болот.

* "Бакай Банктан" берилген бардык Visa карталары контактсыз төлөм жүргүзүүчү Visa PayWave технологиясына туташ.

* Карта аркылуу төлөмдөрдү жүргүзгөн учурда көп дүкөндөрдө арзандатуулар болот.

* "Бакай Банктын" картасындагы акчаны накталоо банктын жеке банкоматтарында гана эмес, башка дагы тармактардын банкоматтарында жүргүзүлөт.

Contact системи аркылуу акча которуу же алуу "Бакай Банктын" кеңселеринде дагы жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаал учурунда иштеп жаткан бөлүмдөрдүн тизмеси.

Байланыш-борбор 24/7:

6111 (мобилдик телефондордон);

+996 554 006 111 (WhatsApp).

bakai.kg


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан