О! Мобилдик оператору студенттерди колдоону чечти жана карантин учурунда дистанциялык окутуу үчүн жеңилдетилген тарифтик планды ишке киргизди - «Переходи на О! Студент Онлайн».
Бул сунуш толугу менен аралыктан билим алуу, интернеттен керектүү маалыматтарды издөө, окутуучу видеолорду көрүү же вебинарларга катышуу үчүн дал азыр көбүрөөк интернет керек болуп жаткан студенттерге ылайыкталган.
Тариф өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
Карантин учурунда жеңилдетилген абоненттик төлөм: жумасына 55 сом.
Үйдөн чыкпай туруп кантип кошулуу керек?
«Мой О!» тиркемеси аркылуу. «Переходи на О! Студент Онлайн» тарифине аралыктан кошулуу үчүн студент «Мой О!» тиркемесинен катталуудан өтүүсү керек. Тиркемени Play Market же AppStore платформасынан жүктөп алыңыз. Эгер тиркеме смартфонуңузда болсо, анда аны кайрадан жаңылашыңыз керек.
«Тарифтер» менюсуна кириңиз, ал жерден «Окутуу үчүн» категориясын табасыз.
«Студент үчүн» вкладкасын тандаңыз жана атайын форманы толтуруп, төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:
Тизме боюнча студенттерди текшерүүдөн өткөргөндөн кийин – тариф бир күндүн ичинде студенттин “Мой О!” тиркемесинен катталуу жүргүзгөн телефондун номерине автоматтык түрдө кошулат.
Үйдөн чыгуу мүмкүнчүлүгүңүз болсо, O!Store сатуу жана тейлөө кеңселеринен кошуп алса дагы болот. Жанында паспорт жана студенттик билеттин болушу зарыл. Кененирээк маалымат o.kg сайтында.
Бирге окуйбуз! О! Мобилдик оператору ар дайым сиздер менен.