Кытай бийлиги ит этин тамак-ашка колдонуп, жегенге тыюу салды. Эми иттер кытайлар жей турган жаныбар эттеринин тизмесинде болбойт. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары аталган өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин чыгарган тыянагына таянып жазышууда.
Маалыматка ылайык, бул жаныбарлар дүйнөдө үй жаныбарлары катары таанылгандыгына байланыштуу ит эми аталган өлкөдө бодо мал деп эсептелбейт. Буга чейин кытайлар ит этин бодо мал катары эсептеп келген жана мындай чечим коронавирус пандемиясынан улам кабыл алынган.
Эскерте кетсек, февраль айында коронавирустун жайылуусуна байланыштуу өлкөдө жапайы жаныбарларды азык катары колдонууга убактылуу тыюу салынган. Аларды көбөйтүү жана сатуу лицензиялары ишкерлерден алып салынган.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кытайда жылына тамак-ашка делинип 30 миллионго чейин ит жана 10 миллиондон ашуун мышык союлчу. Бул тыюу ушул жылдын 1-майынан тарта расмий күчүнө кирет жана ит эти менен бирге мышык эти дагы тамак-аш жасоодо колдонулбашы керек.