Ызы-чуу жараткан 3 миллион доллар боюнча “Кумтөрдүн” билдирүүсү

“Кумтөр” компаниясы 28-августта ызы-чуу жараткан видеотасма боюнча атайын билдирүү жасады. УКМК учурда “Кумтөрдөн” 3 миллион доллар талап кылды” деп май-июнь айларында Жети-Өгүздө болгон митингдердин уюштуруучулары Бактияр Курманов жана Эрмек Жунушбаевди айыптап жатат. Билдирүүдө мындай деп айтылат:

 

“УКМК тараткан "Кумтөрдөн" акча талап кылуу фактысы боюнча ишти иликтөөгө компаниянын жетекчилиги жеткиликтүү деңгээлде жардам берет. "Кумтөр” ошондой эле ишкананын тынымсыз иштөөсү Кыргызстан үчүн маанилүү экендигин моюнга алат. Тилекке каршы, акыркы убактарда ар кандай мүнөздөгү талаптар ишке ашпай калган учурларда дайыма бизди жолду жабуу менен коркутушат. Ишкана аймактагы социалдык маселелерди чечүүгө жардамдашуудан эч качан баш тартпайт. Мындан сырткары аймактагы калктын жашоосун жакшыртууга багытталган бардык социалдык долбоорлорду уланта берүүгө даяр. Ишкана Ысык-Көл облусунун жашоочуларынан чыдамдуу жана акылдуу болуп, ар кандай мыйзамсыз аракеттерди колдобоону суранат”. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан