Москва жана Санкт-Петербург шаарларында бир ай ичинде эң көп сатылган автоунаалар айтылды

Москва жана Санкт-Петербург шаарларында март айында эң популярдуу делинип Volkswagen Polo седан автоунаасы табылган. Бул тууралуу "Автостат" аналитикалык агенттигине таянып, орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Москва шаарында март айында 1 миң 527 Volkswagen Polo седан автоунаасы сатылган. Сатуу жагынан экинчи орунда Kia Rio (1 миң 106 сатылган) автоунаасы турат. Алдыңкы бештикке Nissan Qashqai (1 миң 82 сатылган), Hyundai Creta (1 миң 30 сатылган) жана Volkswagen Tiguan (816 сатылган).

Март айында жалпы Орусиянын аймагынан эң көп Lada Granta автоунаасы сатылган (11 миң 631 автоунаа). Экинчи орунда Lada Vesta автоунаасы болсо (11 миң 172 сатылган), үчүнчү орунду Kia Rio автоунаасы ээлеген (8 миң 274 сатылган).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KalenAlmaz
2020-04-11 21:46:49
Все хлам япошкадан ото берсин.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан