Түркмөнстанда бир аз убакытка токтоп калган футбол таймаштары 19-апрелде улантылат жана аларга күйөрмандардын катышуусуна уруксат берилет. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 24-мартта Борбор Азиянын сегиз командасынан турган профессионалдык лигасы COVID-19 илдетине байланыштуу сезонду токтоткон. Бул мамлекетте коронавирус жуктурган бир да адам каттала элек. Бийлик "коронавирус" деген сөздү колдонууга, жазып, айтууга тыюу салганы кабарланган.
Түркмөнстандан тышкары пандемия маалында футбол таймаштары Беларусь, Тажикстан, Никарагуа жана Бурунди мамлекеттеринде гана өтүп жатат.