"Талибан" кыймылы туткунда жаткан 20 адамды боштондукка чыгарат

"Талибан" радикалдык кыймылы бүгүн, 12-апрелде туткунда жаткан 20 адамды коё берип, эл аралык "Кызыл ай" уюмунун комитетине өткөрүп берет. Бул тууралуу кыймылдын расмий өкүлү Сухейль Шахин билдирген.
"Бүгүн Кабулдун администрациясынын туткундагы 20 адам бошотулат" деп жазылган маалыматта.
Февраль айынын аягында 18 жылдан бери уланып келе жаткан согушта АКШ менен "Талибан" алгачкы жолу тынчтык макулдашуусуна кол коюшкан. Анда Ооганстандагы чет элдик аскерлерди 14 айдын ичинде өлкөдөн алып чыгып, март айында туткундар менен алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо каралган.
Буга чейин туткундар менен алмашуу 31-мартта башталат делген, бирок сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгына байланыштуу кийинкиге жылдырылган. Көп өтпөй Ооганстандын бийлиги жана "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү туткундар менен алмашуу 2-апрелде башталарын айтышкан.
7-апрель күнү "Талибан" кыймылы алардын туткундарын бошотуу узакка созулуп жаткандыгынан улам алар ооган бийлиги менен болгон сүйлөшүүлөрдү токтотконун билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
pat12
2020-04-12 15:27:46
Талибан ашынган исламист фундаменталисттер. Буларды ээрчигендер эч бир жакшылык корушпойт.
0
Aikaaaa
2020-04-12 16:04:18
Ушу талибандарды колдогон да адамдар барбы? Же эптеп эле мусулман болсо болду болуп калганбы (((
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан