Молдомуса Конгантиев: "Эмилбек Кимсановдун атына жабырлануучу катары ИИМге мен арыз жазганмын"

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип, анда уулу ким тарабынан сабалганын айтты. Айтымында, 2018-жылы уулу Автандил Конгантиев кесиптеши Эмилбек Кимсанов жана анын жан сакчысы Төлөгөн Рахманберди уулу тарабынан ур-токмокко алынган. Анын кесепетинен Автандил Конгантиевдин бет-сөөгү жана төрт кабыргасы сынып, ооруканага оор абалда түшкөн.

Бул окуядан кийин мурдагы министр Чүй ОИИББине арыз менен кайрылып, анын негизинде тергөө башталганын айтып, буларга токтолгон.

"Окуя болгондон кийин Эмилбек Кимсанов Ош шаардык ооруканага барып жатып алса, анын шериги өлкөдөн чыгып кеткен. Атайын ыкчам топ Кимсановду кармап келүү үчүн Бишкектен Ош шаарына барганда, оорукананын дарыгерлери ыкчам топту киргизбей коюшкан.

Азыркы учурда кылмыш иши Чүй ИИБнен ИИМге өткөрүлүп берилип, кайрадан жандандырылып, тергөө амалдары жүрө баштады.

Кимсанов кылмыш-жазадан кутулуу аракетинде “кимдир бирөөлөрдүн” колдоосу менен ар кандай шылтоолорду таап, өзүн байкуш көрсөтүп жатканы таң калычтуу. Менин айтарым, уюшулган кылмыштуу топтун башында турган Эмилбек Кимсановдун видеодогу сөздөрүнө, ошондой эле бейкүнөө адамдардын атын атап, жаманатты кылганына ишенүүнүн кажети жок, сөздөрү чындыкка дал келбейт. Эмилбек Кимсановдун атына жабырлануучу катары ИИМге мен арыз жазганмын", - деген ал маекте.

Эмилбек Кимсановдун видеосу боюнча 11-апрелде Матраимовдордун жактоочусу Канатбек Азиз жооп берди. Анда ал бул видеону шантаж деп атап, укуктук талаада териштире тургандыктарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан