"Ваннага кесме толтуруп жуунду". Ольга Бузованын жоругу көпчүлүктүн кыжырын келтирүүдө

Орусиялык теле алып баруучу Ольга Бузованын кезектеги дагы бир видеосу интернет колдонуучуларынын кыжырын келтирди. Ал социалдык тармактагы баракчасына ваннага тез даярдалуучу кесмени толтуруп, ал сууга кесме менен жуунгандай көрсөткөн видеосун жүктөгөн.

Видеодо Бузова кесмени ваннадан алып жеп, тузу жок болгон үчүн жагымсыз болуп жатат го деген тамашалуу сөздөрүн айткан. Мындан тышкары анын денеге тийген учуру да ага жакпай жатканын көрсөткөн.

Мындай челленж шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында жүрүп жатканын орусиялык басылмалар жазышууда. Бузованын кесме толтурулган ваннада "жуунганы" блогер Гуссейн Гасановдун тапшырмасы болгон. Бузовага берилген тапшырмалардын арасында чачын кыркуу, телевизорунун экранын сындыруу, кымбат баалуу 3 көйнөгүн өрттөө да бар. Бул тапшырмаларды Бузова аткарган.

Гасановго Бузова гелендваген унаасынын алдыңкы терезесин сындырууну буюрган. Шоу-бизнес өкүлдөрүнүн бул челленжине көпчүлүк туура эмес деген пикирин жазышууда. Өзгөчө карантин учурунда жумушсуз, курсагын тойгузуунун амалын ойлоп отургандар көп. Силердин бул жоругуңар аларды шылдыңдоо деген сыяктуу комментарийлер жазылган. Арасында кызыктуу челленж дегендер да бар.

Бузованын жоругу көпчүлүктүн кыжырын келтирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Dani
2020-04-13 11:04:33
Адамдардын пейилине жараша болуп атат тооба
+8
Baatirbek81
2020-04-13 11:33:42
Бул эми адамдык касиети жок ХХХХ!
Айбан дагы мындай кесир кылбайт!
+8
Gulya78
2020-04-13 13:58:45
Тамак ашты мындай жол менен жөнү жөк кор кылгандарды мыйзам менен жазалай тургандай кылыш керек,чоң суммада штраф төлөтүш керек.Айрыкча элге таанымал адамдар кийинки муунга үлгү болгудай болуш керек.
+5
ilgizk
2020-04-13 15:07:52
Ушуга окшогондордун айынан Кудай бизге корновирусту жиберди.
Дагы эле сабак боло элек да буларга.
Канча адам тамак аштын кадырына жетип үйдөн чыкпай отурушат .
+8
Ozon
2020-04-14 09:31:42
ilgizk, Абдышукур эле доорусо керек десе, анын шакирттери коп турбайбы?....


Эгер андай болсо эмнеге ушуга окшогондор оорубайт, олбойт, ортодо карапайым эл кыйналып куноосуздор олуп жатат вирустан?!!
-1
bond0202
2020-04-13 15:26:20
ошол кесменин баарын озуно жедириш керек
+4
katerina.li
2020-04-13 16:44:56
Эми Анжелика, Айгерим,Айпери дегендерден бир шингил
+3
algakaray
2020-04-13 16:46:10
Илгер уркун убагында кыргыздар кытайга качканда ачкадан кырылган экен. Эл байкуш ачтан олбош учун кимде кызы болсо бир ууч талканга уйгурларга алмаштырыптырган экен.Канынан жаралган кызын бир ууч талканга беришиптир.Эмне деген азапты коргон элибиз ошондо. Эми бу Ольга мн салыштырып коргуло кесмени кордоп атканын.
+6
Asem89
2020-05-07 22:17:24
"Бир ууч талканга берилген" дегенди дагы тереңирээк караса болот го.Жок дегенде ошол кызы аман калсын,күн көрүп,суу ичсин деп ойлошкон болуш керек.Менимче,ошол учурда бул туура чечим болгон,анткени башка жол жок болсо,аларда жыйган мүлк болбосо,бирин-экин малы деле жолдо өлүп,антип-минтип,аргасыз абалга келишкен да.Анан "канынан жаралган кызын бир ууч талканга алмашыптыр" деп кыска ойлонсок,айрымдар кыргыздар такыр эле таш боор,эгоист,кара курсагын гана ойлогон эл экен деп тү
0
rola
2020-04-13 17:07:18
Ач кадырын ток билбейт.Азыркы кырдаалда куксиге жетпей олтургандар канча?
+6
Kurbanalieva1991
2020-04-13 18:37:12
Козун май баскан неме .....
+4
sessa
2020-04-13 19:04:49
Айдана деле Аваздын бетине кызысынын богун шыбады го
+2
Samatalibei
2020-04-13 20:26:34
Акыр аягы ошо челленжи менен жардан секирип жок болуп кетишсе экен.
+3
Fanatic
2020-04-14 03:51:34
Тобооо кылдым эгер туура эмес суйлосом кечиргиле. Озу буткул дуйно жуз эли ушундай нерсени кормокбуз себеби элдер озубуздун пейилдерибиз бузулуп бирин бири алдамай урдамай арам оокат кылып отоо эле кооп кеттик эле бир четинен туурале ушул оору келип баарыбыз уйдо олтуруп калдык болуп калгандан коркуп менимче жакшы эле болду озубуз ушул нерсени кормокбуз
-3
Ozon
2020-04-14 09:35:52
Fanatic, вирус келип эле эл пейлин ондой калмак беле?


Карапайым эл кыйналып жатат. Бай-молдо, ырчы-чоорчу, саякатчы-саясатчылар акчаларын басып жатат, тоок жумуртка басып жаткандай. Кутурганы кутуруп жатат. Кыйналган баягы эле карапайым эл......
0
Jasi.jasi
2020-04-14 08:32:54
Гусейн дегенди Бишкекте шумдук тосуп алышты эле биздикилер.Кудай корушуп,кылган кылыктарын кара эх эссиздер...
+1
Store
2020-04-14 16:13:36
Эми анжелика же мамытбектер чыкпаса эле макоронго жуунушуп.
0
admin_portal
2020-04-14 17:27:03
aydinnur, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан