Казакстандык адистер Ысык-Көлдө кара тумоо оорусуна шектелип жаткан адамдардын анализин изилдейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги казакстандык адистерге кара тумоо оорусуна шектелип жаткан
адамдардын анализин изилдөөгө
уруксат берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз
кызматы билдирди. Саламаттыкты сактоо
министри Динара Сагынбаева казакстандык адистерге кара "тумоо оорусун жугузуп алышы мүмкүн" деп шектелип жаткан 3 адамдын анализдерин текшерүүгө убактылуу уруксат берди. Муну менен катар "кара тумоо
жугузуп алышы мүмкүн" деп шектелген дагы 4 жергиликтүү
тургундун анализдери текшерилмекчи.