Калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана COVID-19 инфекциясынын жайылышын болтурбоо максатында жалпы республикалык көрүлүп жаткан чараларга ылайык, 2020-жылдын апрель айынан тартып «Газпром Кыргызстан» компаниясынын Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) иштөө тартибине өзгөртүүлөр киргизилүүдө:
Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн* компаниянын кызматтарын аралыктан колдонуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылды**.
Арзымат Алдаяров - "Газпром Кыргызстан" компаниясынын коммерциялык директору:
"Биз үчүн калкты тейлөө борборлорундагы кызматкерлердин жана кардарлардын коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү. Кеңселерди дайыма дезинфекциядан өткөрүүдөн жана операторлор менен кардарларды жеке коргонуусун камсыз кылуудан тышкары, биздин кызматтарга кызыккан бардык тараптар менен аралыктан кызматташуу ишин жөнгө салдык".
"Gazprom KG" мобилдик тиркемеси (кадамдар менен)
"www.Gazprom.kg" корпоративдик сайты (кадамдар менен)
"Элсом" электрондук капчыгы (кадамдар менен)
"MegaPay" электрондук капчыгы (кадамдар менен) эсеп-дүмүрчөктү төлөө
"Balance" электрондук капчыгы (кадамдар менен)
"O!ДЕНЬГИ" электрондук капчыгы (кадамдар менен)
Төлөм терминалдары (кадамдар менен)
"Газпром Кыргызстан" компаниясынын иштеп жаткан Калкты тейлөө борборлорунун даректери:
"Газпром Кыргызстан" - үйдө отуруңуздар жана ден-соолукта болуңуздар!
*Смарт-карталары менен иштеген газ эсептегичтин ээлери-абоненттери "Газпром Кыргызстан" компаниясынын Калкты тейлөө борборлорунан алдын ала төлөсө болот.
**Республиканын айрым бир аймактарына өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу, "Газпром Кыргызстан" компаниясынын кызмат көрсөтүүлөрү өзгөчө абал аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Компаниянын кызматтарынын чыгуулары авариялык учурларда гана жүргүзүлөт.