Тажикстанда обсервацияда иштеген медицина кызматкери каза болду

Тажикстанда обсервацияда иштеген 58 жаштагы медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин берген маалыматына таянып, өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 58 жаштагы Оишамо Алимова 10 чакты адам карантинде жаткан Бохтар шаарындагы борбордук облустук ооруканасынын кызматкери болгон. Алимова 12-апрель күнү каза болгон. Министрликтин билдиришинче, ал коронавирус менен ооруган эмес, диагнозу - пневмония, артериянын коронардык атеросклероз, жүрөгүнүн сол кабынын гипертрофиясы болгон. Маркум ооруканада дарыгер болгонбу же медайым болгонбу айтылган эмес.

Белгилей кетсек, Бохтардагы облустук ооруканада учурда көбүнчө Орусиядан келген Тажик жарандары жатышат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлиги өлкөдө коронавирус катталбаганын билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurgaz
2020-04-13 16:08:15
Бул чумхурилер вирусту бекитип жатат
+18
portugalia
2020-04-13 16:22:33
Тажиктердин жомогуна ким ишенет экен.
+15
Milduri
2020-04-13 16:29:49
Тажикстанда коронавирусту аныктоочу тесттер жок окшойт.
+15
rola
2020-04-13 16:37:43
Булар вирусту айтышпайт.Вирус менен ооруган адамды сразу тынчытышат.
+14
myrzayym
2020-04-13 16:42:42
Таджикистан жашырып жатат. Кийин алака кандай түзүлөт. Булар дарыланбаса, кийин Кыргызстан постту ачып койсо, түштүк аймак кайра жабыркашы ыктымал.
+14
bond0202
2020-04-13 17:06:05
ооруну жашырсан олум ашкерелейт болуптур да
+11
ALATOOLUK.JIGIT
2020-04-13 17:16:03
Бул ХХХХ же каронаны билбейт же билсе да олумуштонуп атыщат.
+9
Djumahmatov
2020-04-13 18:29:35
Лично мен билем Таджикстанда абал кандай экенин Таджиктер тиги бул дебей эле койгула туугандар бул туура эмес Таджиктер деле мусулмандар Аллах алдында эч кимин өйдө эмессиңер улутчул болбогула улутчулдук жакшы сапат эмес Таджикстанга ар Бир мамлекеттен даже Кыргызстандан барган озунун жарандарын 14 күндук карантинге алып жатышат жок болгону учун мектептерде окуулар кадимкидей ууланып жатат
-7
Nazar76
2020-04-14 15:42:42
Тажик ХХХХ жашырып жатышат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан