Шаар тургундары "өзгөчө абал убактысы дагы жылабы?" деген суроосуна жооп алыш үчүн жаңылыктарды кайра-кайра окуп жаткан учурда, айылдын эли жаздын салкын абасынан кере-кере жутуп, тоодо чүкүрү жеп жүргөн мезгили.
Кыргыздын айылда өскөн ар бир уул-кызы чүкүрү, ышкын, кымыздыктын даамын татса керек. Жалбыракты шарт жулуп, жуубастан кийимге же кол менен тазалап эле тоодон карс-карс чайнап, алыска көз чаптырып отурган балалык күндөргө эч нерсе тең келбейт.
Чүкүрү эрте чыккан жалбырак, андан соң кымыздык менен ышкын чыгат. Чүкүрүнүн даамы ышкынга караганда ачуураак, анан жалбырагынын сабагын эле жесе болот. Ал ышкын бышкан кезде гүлдөп, катып баштайт.