Тажикстанда 1-февралдан 13-апрелге чейин карантинге жаткырылгандардын жалпы саны 7 миң 560 адам болсо, анын ичинен 5 миң 724ү үйлөрүнө чыгарылган, ал эми дагы 1 миң 836 адам дале карантинде. Мындай маалымат тажик басылмаларында жазылган.
Маалыматта карантинде жаткандардын арасынан 11-апрелде Ходжимухаммад Тошев аттуу жаран көз жумган. Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маркум жүрөк оорусунан улам каза тапканын билдиргени айтылат.
"12-апрелде карантинге алынгандар жаткан ооруканада иштеген Оишамох Алимова аттуу 58 жаштагы дарыгер аял каза болгон. Буга карата өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан дарыгердин коронавирустан улам көз жумду деген маалымат калп экенин айткан. Министрликтин өкүлү Алимованы кургак учук илдетинен улам каза тапканын билдирген. Ошондой эле министрлик журналисттер сенсация жаратуу үчүн ар бир өлүмдү коронавируска байланыштыра бербешин суранган", - деп жазылат маалыматта.