Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Маман айылындагы Ж.Ашубаев атындагы 240 орундуу мектеп 1-сентябрда ишке берилет. Бул тууралуу аталган билим берүү мекемесинин директору Алтынкүл Калчаева билдирди. Айтымында, бул имарат 2007-жылы курулуп баштаган. “Бул жерде 323 окуучуга 30 мугалим сабак берет. Мурунку мектебибиз учурда авариялык абалда. Жаңы мектепте окуучулардын татыктуу билим алуусуна шарт түзүлөт. Бир гана кемчилик - спортзалдын жоктугу. Бул маселе боюнча тиешелүү органдарга кайрылып, спортзал куруу маселеси каралып жатат”,- деди ал. Айта кетсек, бул мектепти курууга 30 миллион 295 100 сом жумшалыптыр.